Меню
Эл-Сөздүк

Убактылуу ишке жарамсыздыктын экспертизасы

УБАКТЫЛУУ ИШКЕ ЖАРАМСЫЗДЫКТЫН ЭКСПЕРТИЗАСЫ – медициналык экспертизанын бир түрү. Жарандардын У. и. ж. э. ооруга, майыптыкка, кошбойлуулукка, төрөткө, үйбүлөнүн оорулуу мүчөсүн багууга, протездөөгө, санатордук-курорттук дарыланууга жана башка жагдайларга байланыштуу, менчигинин түрүнө карабастан, КР саламаттыкты сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тартипте саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан ишке ашырылат. Аскер кызматкерлеринин У. и. ж. э. аскер кызматын өтөөнүн тартиби жөнүндөгү жобого ылайык аныкталат. У. и. ж. э. жүргүзүүдө кызматкерди саламаттыгына байланыштуу убактылуу же биротоло башка ишке которуунун зарылдыгы жана мөөнөтү аныкталат, ошондой эле жаранды белгиленген тартипте, анын ичинде, бул жаранда майыптыктын белгилери болсо, медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жөнөтүү жөнүндөгү чечим кабыл алынат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: